Ирандын мамлекеттик телеканалы Press TV АКШ менен Израил ок атышууну токтотуу келишимин бузганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, эки өлкөнүн күчтөрү Ирандын түштүгүндө жайгашкан Лаван аралындагы мунай иштетүүчү заводго сокку урган.
Телеканал тараткан кабарда бул аракеттер “америка-израилдик күчтөрдүн чабуулу” катары бааланган. Азырынча бул маалымат боюнча расмий тараптардан тастыктама же кошумча маалымат бериле элек.