Биз социалдык тармакта

Иран расмий түрдө Израилди ок атышууну токтотуу келишимин бузду деп айыптады

Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Пакистан армиясынын командачысы Асим Мунир менен телефон аркылуу сүйлөшүп, Израиль тараптан ок атышууну токтотуу режими бузулганын талкуулады. Бул тууралуу Ирандын Тышкы иштер министрлигине шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, Израиль Иранда жана Ливанда ок атышууну токтотуу келишимин бузган учурлар сөз болгон.

Эске салсак, эки жумалык тынчтык келишими АКШ менен Ирандын ортосунда шаршемби түнү макулдашылган. Израиль армиясы да чабуулдарды токтотконун билдирген, бирок ошол эле учурда Ливандын түштүгүндө Хезболла уюмуна каршы операциясын уланткан. Авиация жана артиллерия бир нече калктуу конуштарды аткылап, жыйынтыгында каза болгондор жана жарадарлар бар экени кабарланган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан