Дүйнөдөгү эң бийик Эверест чокусун багынткан биринчи америкалык альпинист Жим Уиттакер 97 жашында каза болду. Бул тууралуу чет өлкөлүк басылмалар жазышты.
Маалым болгондой, легендарлуу альпинист Вашингтондун Порт Таунсенд шаарындагы үйүндө көз жумган.
Альпинист Эверестти 1963-жылы багындырган. Ал мындан тышкары, ондогон бийик тоолорго чыкканы айтылат.