Мексикада каза болгон адамдын аялдары маркумдун сөөгүн талаша кетишти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып, окуянын видеосун жарыялашты.
Андагы маалыматка ылайык, жаңжал маркумду акыркы сапарга узатуу учурунда болгон. Анда биринчи аялы каза болгон адам менен коштошуп жаткан экинчи аялын көргөндө ал жерде ызы-чуу салган. Уруш эки аялдын жулмалашуусу менен коштолгон.
Окуянын видеосу социалдык тармактарга тарап, ар кандай пикирлерди жараткан. Айрым интернет колдонуучулар аялдардын абалын түшүнүү керек дешсе, айрымдары сын-пикир айтып баа беришкен.