Биз социалдык тармакта

Ормуз кысыгынын үстүндө америкалык чалгын дрону байкоо жүргүздү

АКШга таандык Northrop Grumman MQ-4C Triton үлгүсүндөгү учкучсуз учак бейшемби күнү эртең менен Ормуз кысыгынын үстүндө кайрадан байкоо жүргүздү. Бул тууралуу учуу маалыматтарына таянган чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, учкучсуз аппарат Сицилиядагы Сигонелла аскердик базасынан учуп чыгып, Бишкек убактысы боюнча саат 6:30 чамасында Ормуз кысыгына жеткен. Ал жерде эки сааттай айланып учуп, андан соң кайра артка кайтканы белгилүү болду.

Буга чейин АКШ президенти Дональд Трамп Иран менен эки жумага ок атышууну токтотуу боюнча келишимге жетишилгенин билдирген. Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Ормуз кысыгы кайра ачылганын айткан.

Белгилей кетсек, Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ ташууларынын болжол менен 20 пайызын өткөргөн стратегиялык маанилүү аймак болуп эсептелет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан