Биз социалдык тармакта

Димаш Кудайберген: "Көп сейилдебейм, жашоом жөнөкөй"

Казакстандын белгилүү ырчысы Димаш Кудайберген сахнадан тышкаркы жашоосу тууралуу айтып берди. Ал бош убактысын көбүнчө үйдө өткөрөрүн белгилеген. Бул тууралуу казак басылмалары жазышты.

Freedom Inside’26 форумундагы маегинде ырчы достору менен жөнөкөй отуруп, баарлашканды жакшы көрөрүн айткан. Анын сөзүнө караганда, жашоосу "студия – үй – студия – үй" тартибинде өтөт.

Ошондой эле Димаш мотоцикл айдаганды жакшы көрөрүн, бирок бул хоббисин көпкө чейин жашырып келгенин билдирди. Ал көп сейилдөөнү жактырбай турганын да кошумчалады.

"Эгер адам 40 жашка чейин сейилдеп эле жүрө берсе, кийин жаңы нерсе баштай албай калат", - деди ырчы.

Мындан тышкары ал апасы менен чай үстүндө отуруп сүйлөшүүнү өзгөчө баалай турганын белгиледи. Гастролдордун айынан үй-бүлөсү менен көп убакыт өткөрүүгө мүмкүнчүлүк аз экенин айтып, жакындары менен көбүрөөк убакыт өткөрүүнү кыялданарын кошумчалаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан