Түркияда баңгизатка байланыштуу иликтөөнүн жаңы этабы башталып, бул жолу белгилүү актёрлор жана музыканттардын ысымдары аталууда. Бул тууралуу түрк басылмалары жазышты.
Прокуратуранын маалыматына ылайык, жалпысынан 14 адамды кармоо боюнча чечим чыккан. Алардын арасында белгилүү артисттер – Бурак Дениз, Мерт Демир жана Хафсанур Санджактутан бар.
Учурда айрым шектүүлөр кармалып, калгандары изделүүдө. Маалыматтарга караганда, алардын бири чет өлкөдө жүрөт. Иликтөөнүн алкагында шектүүлөрдүн үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, кан анализдери алынууда. Бул экспертизалар алардын организминде тыюу салынган заттар бар-жогун аныктоо үчүн жасалууда.
Айрым артисттер бул маалыматтарга жооп бере башташты. Мисалы, актриса Синем Унсал учурда съёмкада жүргөнүн жана бул тууралуу жаңылыктардан гана укканын айтып, айыптоолорго тиешеси жок экенин билдирип, тергөө менен кызматташууга даяр экенин белгиледи.
Ошондой эле теле алып баруучу жана ашпозчу Сомер Сивриоглу чет өлкөдө экенин, бирок Түркияга кайтып келип көрсөтмө берерин билдирди.
Буга чейин дагы түрк шоу-бизнес өкүлдөрүнө карата баңгизатка каршы рейддер жүргүзүлүп келген. Анын алкагында Ханде Эрчел да текшерүүдөн өтүп, Стамбул аэропортунда кармалгандан кийин кан жана чач анализдерин тапшырганы маалымдалган.