Биз социалдык тармакта

Мелания Трамп Эпштейн менен мамилеси болгон деген маалыматтарга жооп берди 

АКШнын биринчи айымы Мелания Трамп бир катар ЖМКларда тараган, чуулгандуу финансист Жеффри Эпштейн менен достук мамиледе болгон деген маалыматтарды четке какты. Бул тууралуу биринчи айым Ак үйдө сүйлөп жатып айткан.

Ал мындай айыптоолор аброюна доо кетирүүгө багытталган аракеттер экенин белгилеп кеткен.

“Мени уяттуу Жеффри Эпштейн менен байланыштырган жалган маалыматтар токтош керек. Мен тууралуу жалган айткан адамдарда этика, уят жана сый жок. Алардын сабатсыздыгына теңелбейм, бирок аброюма шек келгендиктен жооп берүүгө аргасызмын. Мен эч качан Эпштейн менен достук мамиледе болгон эмесмин",- деген Мелания Трамп.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан