Биз социалдык тармакта

Евробиримдик Трамптын Ормуз кысыгы боюнча демилгесин четке какты

Европа биримдиги АКШ президенти Дональд Трамп көтөргөн Ормуз кысыгынан өткөн кемелерге төлөм киргизүү демилгесин колдобой турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жарыялашты.

"Эл аралык мыйзамдар деңизде эркин жүрүүнү карайт. Бул эч кандай төлөм же жыйым болбошу керек дегенди билдирет. Ормуз кысыгы бүткүл адамзатка тиешелүү жалпы деңиз жолу. Ошондуктан деңиз каттамы эркин болушу керек",- деп билдирген Европа комиссиясынын өкүлү Ануар Эль-Ануни.

Бул билдирүү Дональд Трамп Иран менен биргелешип, кысык аркылуу өтүүгө акы алуу системин киргизүүнү сунуштагандан кийин жасалды. Аталган деңиз жолу дүйнөдө мунай, газ жана башка маанилүү жүктөрдү ташууда чоң роль ойнойт.

Ошол эле учурда Ак үйдүн өкүлү Кэролайн Левитт бул маселе дагы талкууланарын айтып, азыркы негизги максат деңиз каттамдарын чектөөсүз калыбына келтирүү экенин билдирди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан