Биз социалдык тармакта

Ирандын жогорку лидери көп убакыттан бери алгачкы жолу элге кайрылуу жасады 

Ирандын жогорку лидери Можтаба Хаменеи узак убакыттан бери алгачкы жолу элге кайрылуу жасап, өлкөгө жасалган чабуулдардын кесепетинен келтирилген материалдык жана моралдык зыян үчүн сөзсүз компенсация талап кылынарын билдирди. Анын кайрылуусун Ирандын Tasnim News агенттиги жарыялаган.

Ирандын жогорку лидери өлкөгө кол салган тараптар жазасыз калбай турганын белгилеп өткөн.

“Биз ар бир келтирилген зыян үчүн, шейиттердин жана согуштун ардагерлеринин каны үчүн сөзсүз компенсация талап кылабыз. Мындан тышкары, Ормуз кысыгын башкарууну жаңы деңгээлге чыгарабыз. Биз согушту каалабайбыз, бирок мыйзамдуу укуктарыбыздан эч качан баш тартпайбыз",- деген Хаменеи.

Ошондой эле ал Перс булуңундагы өлкөлөргө кайрылып, туура тарапты тандоого чакырган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан