
АКШнын президенти
Дональд Трамп Израилдин премьер-министри
Биньямин Нетаньяху менен телефон аркылуу сүйлөшүүдө Ливанга жасалып жаткан соккуларды азайтууга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар АКШ президентинин администрациясындагы булакка таянып билдиришти.
Маалыматтарга караганда, мындай кадам Иран менен жүрүп жаткан сүйлөшүүлөрдүн ийгиликтүү болушуна жардам берет. Ливан расмий түрдө ок атышууну токтотуу режимине кирбегени менен Израил тарап сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүн эске алып, "пайдалуу өнөктөш" болууга даяр экенин билдирген.
Буга чейин Ирандын президенти Масуд Пезешкиан Израилдин Ливанга жасаган чабуулдары АКШ менен түзүлө турган келишимге терс таасир берип жатканын айткан.