Биз социалдык тармакта

Арасында кыргызстандыктар да бар. АКШда мыйзамсыз жүргөн 13 жаран кармалды 

АКШнын Пенсильвания штатында Иммиграция жана бажы кызматынын кызматкерлери мыйзамсыз жүргөн 13 адамды кармашты. Бул тууралуу америкалык CBS News басылмасы АКШнын Ички коопсуздук министрлигине таянуу менен жазды.

Анда көрсөтүлгөн маалыматка ылайык, кармалгандар айдоочулук күбөлүк берүү борборунун жанында турушкан. Аталган министрлик алардын баары мыйзамсыз мигранттар экенин билдирип, арасында Өзбекстан, Кыргызстан жана Түркмөнстандын жарандары бар экенин тактаган.

Ал эми кармалгандардын бири кармоо учурунда укук коргоо кызматкерине каршылык көрсөтүп, кол салууга чейин барганы айтылды.

Окуя болгон күнү борбордун алдында пайда болгон узун кезек жана унаалардын топтому жергиликтүү тургундардын көңүлүн бурган. Мындан улам алар полицияга кабар беришкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан