“Ар-намыс” фракциясы айыл чарба жана мелиорация министри кызматына Таалайбек Айдаралиевдин талапкерлигин сунуштады. Мындай чечим бүгүн, 24-январда фракция жыйынында кабыл алынды. Добуш берүүдө Таалайбек Айдаралиев 19, Байымбет Мураталиев 6 добуш алды.
Айта кетсек, Т.Айдаралиев учурда Кыргызстандын үрөнчүлөр ассоциациясынын төрагасы болуп иштейт.