АКШнын президенти Дональд Трамп Флорида штатындагы май куюучу жайда аялга жасалган ырайымсыз кол салуунун видеосун жарыялады. Тиешелүү видеону өзүнүн Truth Social социалдык тармактагы баракчасында бөлүшкөн.
АКШнын лидери билдиргендей, шектүү Гаити өлкөсүнүн жараны болгон. Трамп аталган жаран мурдагы президент Жо Байдендин администрациясы киргизген убактылуу коргоо статусу программасы менен өлкөдө калып калганын баса белгилеп өткөн.
Трамп окуяны "жырткыч кылмыштардын бири" деп атап, мындай программалар токтотуларын билдирген.
"Бул жаныбар убактылуу коргоо статусу программасы менен өлкөдө калган. Менин администрациям муну токтотот",- деп жазган Трамп.