
Ооганстанда өзүн жиндер менен байланыш түзө алам деп тааныткан жаран кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.
Маалыматка ылайык, ал адам кардарларына жиндер алардын тагдырын башкарарын айтып, уюлдук телефон аркылуу алар менен сүйлөшүп бере алам деп ишендирген. Ал мындай “кызматы” үчүн акча алып жүргөн.
"Жакшылыкты үгүттөө, жамандыкты алдын алуу жана арыздарды кароо министрлигинин кызматкерлери Кабул провинциясынын Суроби районунда жаранды кармашты. Ал бейтаптарга жиндер менен уюлдук телефон аркылуу сүйлөшө алам деп ырастаган. Бирок мындай билдирүүлөр ырым-жырым болуп эсептелет жана ислам принциптерине каршы келет", - деп айтылат билдирүүдө.
Ошондой эле акыркы бир жума ичинде өлкөдө ушундай шек менен жалпысынан 24 адам кармалганы маалымдалды.