Украинанын президенти Владимир Зеленский бул жылдагы жаз-жай айлары өлкөсү үчүн кыйын болорун билдирди. Бул тууралуу ал жергиликтүү басылмаларга маек берип жатып айткан.
"Менин оюмча, сентябрга чейин биз үчүн абдан кыйын учур болот. Бул жаз-жай мезгили саясий жана дипломатиялык жактан да жеңил болбойт", - деген Зеленский.
Ошондой эле ал АКШ тарап тынчтыкты жөнгө салуу боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөн август айында чыгып кетиши мүмкүн экенин айтып, кооптонгон.
Белгилей кетсек, учурда Орусия менен Украина Пасха майрамына карата ок атышууну убактылуу токтотуу чечимин кабыл алышкан.