Биз социалдык тармакта

Израилде чек араларды кеңейтүү боюнча билдирүү коомчулукту талкууга салды

Израилдин каржы министри Бецалель Смотрич өлкөнүн чек араларын кеңейтүү боюнча сунуш айтканын чет элдик ЖМКлар жазышты.
Маалыматка ылайык, ал Газа сектору, Түштүк Ливан жана Сирия аймактарынын эсебинен Израилдин аймагын кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн белгилеген. Анын сөзүнө караганда, бул кадамдар коопсуздук жагынан пайдалуу болот.
Смотрич:
• Газада саясий чечим кабыл алынып, чек ара кеңейиши мүмкүн экенин,
• Ливанда чек араны Литани дарыясына чейин жылдыруу каралып жатканын,
• Сирияда Хермон аймагын жана буфердик зонаны кошуу сунушталып жатканын билдирген.
Мындан тышкары, ал Батыш жээк аймагында жүргүзүлүп жаткан саясат Палестина мамлекетин түзүү идеясына тоскоол болуп жатканын айткан.
Өз кезегинде Израилдин коргоо министри Исраэль Кац Батыш жээктеги жөөт конуштары өлкөнүн коопсуздугун бекемдейт деген пикирин билдирген.
ЖМКлар кабарлагандай, Израил өкмөтү Батыш жээкте:
• 30га жакын жаңы жөөт конушун,
• 150дөн ашык айыл чарба объектин курууну жактырган.
Бул билдирүүлөр аймактагы геосаясий кырдаалды кайрадан курчутушу мүмкүн экени айтылууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан