Биз социалдык тармакта

Жылнаама: Америкалык актёр Стивен Сигалдын туулган күнү

Америкалык, орусиялык, сербиялык актёр, продюсер, сценарист, режиссёр, музыкант Стивен Сигал АКШнын Мичиган штатындагы Лансинг шаарында 1952 -жылдын дал ушул күнү туулган. Актёр тасма талаасына 1982-жылдан баштап аралаша баштаган. Стивен Сигал дүйнөгө "Өтө катуу сокку" ("Смертельный удар"), "Жырткычка аңчылык" ("Охота на зверя"), "Согуш өнөрү" ("Искусство боя") жана башка тасмалардагы ролдору аркылуу таанылган.

2016-жылы Владимир Путин Стивен Сигалга Орусиянын жарандыгын берүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Эскерте кетсек, 2016-жылдын сентябрында актёр Кыргыз мамлекетине келип, II Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатына катышкан. Анда ал: "Менин оюмча, көчмөндөрдүн маданияты өтө маанилүү. Менин ата-бабаларым да көчмөн болгон. Ошондуктан Көчмөндөр оюндарына келүүнү чечтим. Эң башкысы, өлкө башчысынын чакыруусунан баш тарта алган жокмун",- деп билдирген.

Көчмөндөр оюндарынын ачылыш салтанатында Стивен Сигал сыйлуу конок катары кыргыз атын минип ат майданга чыккан.

Жеке жашоосу

Сигал 4 жолу үйлөнгөн. 1974-жылы Мияко Фудзитани аттуу япон кызына баш кошуп, Аако жана Кентаро деген уул-кыздуу болушкан. 1987-жылы түгөйлөр ажырашкан. 1984-1987-жылдары актриса, модель Адриенн Ларусса менен никеде болгон. Бирок бул никеси соттун чечими менен күчүн жоготкон.

1987-жылы актриса жана модель Келли Леброкко үйлөнүп, Аннализу, Доминика Сан Рокко, Аррису аттуу 3 балалуу болушкан. Үйүндөгү бала багуучу Арисса Вульф менен актёрдун сүйүү мамилесинен улам 1994-жылы түгөйлөр ажырашып кетишкен. Арисса менен Сигалдын ортосунда Саванна деген кызы бар.

Актёрдун азыркы жубайы - монголиялык бийчи Батсухийн Эрденэтуяа. Экөөнүн Кунзанг аттуу уулу бар.

Бүгүнкү күнгө карата жылнаама.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан