Пакистандын борбору Исламабад шаарында АКШ менен Иран ортосунда сүйлөшүүлөрдү өткөрүүгө даярдык жүрүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, учурда дагы деле Тегеран расмий түрдө делегациясынын катышарын тастыктай элек. Буга Израилдин Ливандагы улантылып жаткан аскердик соккулары таасир этүүдө. Ал эми АКШ делегациясын вице-президент Жей Ди Вэнс жетектей турганы буга чейин айтылган.
Сүйлөшүүлөр аймактагы чыңалууну азайтуу жана ок атышууну токтотуу маселелерине багытталат. Ал 11-апрелде, ишемби күнү Исламабад шаарында өтөрү күтүлүүдө.