Ливандын борбору Бейрут шаарынын түштүк четиндеги Хай-Селлюм районунда каза болгондордун сөөктөрүн издөө жана урандылардан чыгаруу операциясы уланууда. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Израилдин аба күчтөрү турак жай имаратын бутага алган. Имараттын биринчи кабатында супермаркет жайгашкан, соккудан кийин толугу менен кыйрап калган.
Куткаруучулардын айтымында, издөө иштери экинчи күндөн бери токтобой жүрүүдө.
Жарандык коргонуу кызматынын өкүлү Абу Мазен билдиргендей, учурда урандылардын алдынан же толук денелер, же алардын бөлүктөрү табылып, ДНК экспертизасына жөнөтүлүүдө.
Акыркы маалыматтар боюнча, ушул эле жерден 23 адамдын сөөгү табылып чыгарылган. Куткаруу иштери дагы деле уланууда.