Иран делегациясынын Исламабад шаарына пландалган сапары бир нече жолу жылдырылганы маалым болду. Бул тууралуу Press TV телеканалы булактарына таянып жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, сапардын кечеңдешине Израилдин Ливанга жасаган аба соккулары себеп болгон. Иран тарап бул чабуулдар улана берсе, сүйлөшүүлөр толугу менен үзгүлтүккө учурашы мүмкүн экенин эскерткен.
Буга чейин АКШ делегациясы Иран маселеси боюнча сүйлөшүүлөр үчүн Пакистанга жөнөп жатканы кабарланган. Алар Дональд Трамп тарабынан берилген так көрсөтмөлөр менен барары айтылган.
Ал эми Иран делегациясынын сапары тууралуу расмий маалыматтар азырынча жарыялана элек.