АКШнын президенти Дональд Трамп Иран менен жүргүзүлүп жаткан сүйлөшүүлөрдө алардын өкүлдөрүнүн айткандары чындыкка дал келерине ишеним жок экенин билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Ал New York Post басылмасына берген маегинде: “Биз ким менен сүйлөшүп жатканыбызды жана алардын сөзү чынбы же жокпу так билбейбиз”, — деп белгилеген.
Ошол эле учурда АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс сүйлөшүүлөргө карата оң маанайда экенин айтты. Ал Исламабад шаарында иран делегациясы менен жолугушууну күтүп жатканын билдирип, сүйлөшүүлөр ийгиликтүү өтөт деген үмүтүн кошумчалады.
Вэнс АКШ Иран менен кызматташууга даяр экенин, эгерде Тегеран тарап чынчыл жана конструктивдүү позицияны карманса, диалогго ачык экенин белгиледи.