Биз социалдык тармакта

Иран соккулардан кыйраган көпүрөнү 40 сааттын ичинде калыбына келтирди

Ирандын Кум провинциясындагы аба соккуларынан жабыркаган темир жол көпүрөсү 40 сааттын ичинде калыбына келтирилди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар аталган провинциянын губернаторунун орун басары Хосроу Самери билдиргенин жазышты.

"Жакында душмандын чабуулунан жабыркаган Кумдагы 7 тилкелүү темир жол көпүрөсү 40 сааттын ичинде калыбына келтирилип, ишке берилди", - деген ал.

Эске салсак, 7-апрелде Ирандын жарандык инфраструктурасы, анын ичинде 3 темир жол жана 1 автомобиль көпүрөсү АКШнын жана Израилдин аба соккуларынан жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан