Жантөрө Сатыбалдиев “Кумтөр” боюнча жаңы меморандумду “пустышка” дегендерди сотко берем" дейт

“Ата Журт” фракциясынын жыйынында депутат Жылдыз Жолдошова “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумун “пустышка” деп сындады. Айтымында, үлүштү 50х50 пайыз деп өкмөт жалган айтууда. Муну уккан өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев кызууланып кетти. Мен бул айтканыңызга "категорически" каршымын. "Пустышка" деп сизге ким айтты?"- деди кызууланып.

Депутаттар маалымат каражаттарында сөз болуп жатканын айтышты эле Сатыбалдиев: “Мен меморандумду “пустышка” деген гезиттерди сотко берем”,- деп жооп берди. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан