Бүгүн, 11-апрелде NASAнын “Орион” космостук кемеси Ай миссиясын ийгиликтүү аяктап, Жерге кайтып келди. Бул тууралуу NASAнын басма сөз кызматы жазды.
Маалыматка ылайык, Artemis II миссиясынын экипажы түшкөн капсула Тынч океанга, Сан-Диего жээгине жакын аймакта саат 20:07де (Бишкек убактысы боюнча 00:07) парашюттардын жардамы менен ийгиликтүү конду.
Куткаруучу топ окуя болгон жерге жетип, учурда астронавттарды капсуладан чыгаруу иштерин жүргүзүүгө даярданып жатат.
Бул миссия 1-апрелде Кеннеди атындагы космостук борбор учуруу аянтчасынан башталган. Artemis II – акыркы жарым кылымдан кийин адамдарды кайрадан Айга жөнөткөн тарыхый миссия болуп калды.
Учуу учурунда кеме Жерден 230 миң чакырымдан ашык аралыкты басып өтүп, Айды айланып чыккандан кийин кайра Жерге кайтып келген.
Белгилей кетсек, учууга даярдык маалында байланыш системасында мүчүлүштүк табылып, ал миссияга коркунуч жараткан. Бирок адистер көйгөйдү өз убагында чечип, учуу ийгиликтүү ишке ашкан.