Биз социалдык тармакта

АКШ Иранга жасалган соккулар боюнча маалымат берди

АКШ согуш учурунда Ирандын курал-жарак жана аскердик техника өндүрүүчү жайларынын 90 пайызына ракеталык жана бомбалык соккуларды жасаганын чет элдик басылмалар Пентагондун маалыматына таянып жазышты.

Маалыматтарга караганда, жалпысынан Иранда жайгашкан 13 миңден ашык аскердик бутага сокку урулган. Анын ичинде операциянын алгачкы 72 саатында 1700үнө чабуул жасалган.

Көрсөтүлгөн маалыматтарга ылайык, АКШнын куралдуу күчтөрү 450дөн ашык баллистикалык ракеталарды жайгаштыруу жана сактоочу базаларды, 800дөн ашык учкучсуз учуучу аппараттарды сактоочу жайларды жана 1500 абадан коргонуу жайларын жок кылган. Мындан тышкары 155тен ашык ирандык согуштук кемелер зыянга учураган же жок кылынган.

Пентагондун отчётунда Иранга каршы аскердик операцияларга 50 миңден ашык америкалык аскер катышканы айтылат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан