Кечээ, 11-апрелде АКШ менен Ирандын ортосунда башталган сүйлөшүүлөр 12-апрелге караган түнгө чейин созулду. Пакистанда өтүп жаткан сүйлөшүү 3 айлампага чейин барды.
Чет элдик басылмалар АКШ менен Иран бардык талаштуу маселелерди чече албаганын жазышып, сүйлөшүүлөр бүгүн да уланарын белгилешүүдө.
Айта кетсек, тараптардын сүйлөшүүсү Пакистандын бийлигинин ортомчулугу менен жүргүзүлүп жатат.