Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпиондугунда өлкөнүн кыз-келиндер курамасы 4 медаль тагынды.
Алтын байгени Мээрим Жуманазарова жеңип, Азия чемпиону аталды. Айпери Медет кызы күмүш медалдын ээси болду. Ал эми коло байгени Нурзат Нуртаева менен Гүлнур Таштанбекова жеңишти.
Быйыл күрөш боюнча Азия биринчилиги Кыргызстандын борбор калаасындагы "Жаштык Арена" комплексинде 6-апрелде башталган. Турнир 12-апрелде жыйынтыкталат. Кыз-келиндер күрөшү 8инен 10уна чейин болду.