Путин Иранды АКШ менен жараштырууда ортомчу болууну сунуштады
Орусиянын лидери Владимир Путин Иран президенти Масуд Пезешкиан менен болгон сүйлөшүүдө Жакынкы Чыгыштагы жаңжалды жөнгө салуу үчүн ортомчулук кылууга даяр экенин билдирди. Бул тууралуу Кремлдин басма сөз кызматы маалымдаганын чет элдик басылмалар жазышууда.
Путин Орусия бардык өнөктөштөр менен активдүү байланыштарды улантып, адилеттүү жана туруктуу тынчтыкты орнотууга аракет кыларын белгиледи. Өз кезегинде Пезешкиан 11-апрелде АКШ менен өткөн сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берди.
Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында Ирандын Тышкы иштер министрлиги бир катар маанилүү маселелер боюнча макулдашууга жетишилбегенин, бирок диалогду улантууга үмүт бар экенин билдирди. Ал эми Дональд Трамп Ирандын өзөктүк программасы жана Ормуз кысыгындагы кырдаал боюнча компромисске жетишилбегенин айтып, деңиз коридоруна байланыштуу чаралар көрүлүшү мүмкүн экенин белгиледи.