АКШнын президенти Дональд Трамп Ирандын Вашингтон менен сүйлөшүүлөргө кайтып келиши тууралуу пикирин билдирди. Бул тууралуу ал журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып айткан.
"Алар (ред.: Иран) сүйлөшүүлөргө кайтып келишеби, жокпу, мага баары бир. Эгер алар кайтып келбесе, мага тоскоолдук кылбайт",- деген Трамп.
Трамп ошондой эле Вашингтон “достук мамиледе” экенин ырастаган.
Белгилей кетсек, Вашингтон Тегеран менен эки жумалык ок атышпоо боюнча келишимге жетишкен соң Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү.
Тараптардын жолугушуусу 12-апрелде болгон. Америкалык делегациянын башчысы, вице-президент Джей Ди Вэнс Иран менен АКШ узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жалпы макулдашууга жетише албаганын жарыялаган. Ал эми Ирандын ТИМ өкүлү Эсмаил Багайи бир катар маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишкенин, бирок эки же үч негизги пункт боюнча алардын позициялары алыс бойдон калганын айткан.