Биз социалдык тармакта

АКШ Ирандын мурдагы вице-президентинин уулунун грин-картасын жокко чыгарды 

АКШ бийлиги Ирандын аялдар жана үй-бүлө иштери боюнча мурдагы вице-президенти Масуме Эбтекардин уулу Исса Хашеминин грин-картасын жокко чыгарды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, АКШнын Мамлекеттик департаменти Исса Хашеми жана анын жубайы кармалганын тастыктаган. Алар АКШга 2014-жылы барып, 2016-жылы грин-карта алышкан. Учурда аларды өлкөдөн чыгаруу күтүлүп жатат.

Мындан тышкары, АКШ өкмөтү Ирандын Жогорку улуттук коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Али Лариджанинин өлкөдөн чыгып кеткен кызынын жана анын күйөөсүнүн да мыйзамдуу туруктуу жашоочу макамын жокко чыгарып, аларга АКШга кирүүгө тыюу салган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан