Стол тенниси боюнча азербайжандык спортчу Нихат Мамедов Гиннесстин рекорддор китебине катталды. Бул тууралуу Media.az басылмасы жазды.
Улуттук кураманын спортчусу "Шуа" спорт комплексинде алыскы аралыктан сокку узатууда дүйнөлүк рекордду жаңылады.
Буга чейин рекорд түркиялык Осман Гюрджюга (16,7 метр) тийиштүү болчу. Азербайжандык спортчу 17 метр аралыктан сокку өтөп, мурдагы рекорддон ашып өттү.