Биз социалдык тармакта

Франция жана Улуу Британия Ормуз кысыгын талкуулашты

Франциянын президенти Эммануэль Макрон менен Улуу Британиянын премьер-министри Кир Стармер 12-апрелде жолугушту. Анда тараптар Жакынкы Чыгыштагы чыңалуунун басаңдашын жана Ормуз кысыгын талкуулашты.

Бул тууралуу Стармердин канцеляриясына таянып, эл аралык басылмалар жазышты.

"Алар Ормуз кысыгынын глобалдык соода жана энергия менен камсыздоо үчүн стратегиялык мааниси жана кеме жүрүү эркиндигин коргоо үчүн өнөктөштөрдүн кеңири коалициясы менен иштешүү зарылчылыгы тууралуу макулдашышты",- деп айтылат билдирүүдө.

Европа лидерлери аймактагы туруктуулук үчүн ок атышпоо келишими Ливанга да тийиштүү болушу керектигин белгилешти. Ошондой эле алар Улуу Британия, Франция жана ЕБ ортосундагы маселелерди биргелешип чечүү үчүн кызматташуу зарылдыгын сөз кылышты.

Буга чейин АКШнын президенти Дональд Трамп АКШнын Аскер-деңиз күчтөрү Ормуз кысыгына кирүүгө же чыгууга аракет кылган бардык кемелерге бөгөт коё баштаарын билдирген. Айтымында, Исламабаддагы сүйлөшүүлөр жакшы өткөн, бирок ядролук маселе ачык бойдон калган. Трамп Иран мина менен коркутуу аркылуу кемелердин эркин өтүшүнө тоскоолдук кылганын белгилеген.

12-апрелде "Sky News" британ өкмөтүндөгү булакка таянып, Улуу Британия АКШнын Ормуз кысыгынын блокадасын колдоону көздөбөй турганын билдирген. Анда Британиянын өкүлдөрү Франция жана башка өнөктөштөр менен деңиз жолунун эркиндигин коргоо үчүн коалиция түзүү үчүн иштеп жатканы белгиленген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан