Венгрияда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыгына ылайык, оппозициялык "Тиса" партиясы жеңишке жетти. Бул тууралуу чет элдик басылмалар билдиришти.Алдын ала жыйынтыктарга ылайык, Петер Мадьяр жетектеген "Тиса" партиясы 199 мандаттын 138ин алууда. Ал эми 16 жыл бою бийликте турган премьер-министр Виктор Орбандын "Фидес" партиясы 55 мандатка ээ болот. "Биздин мекен" партиясы болсо 6 орунга ээ болгон.
Добуш берүүдөн кийин Орбан жеңилгенин моюнга алып, оппозицияда ишин улантарын билдирген. Ошол эле учурда ал "Тиса" партиясын жеңиши менен куттуктаган.
Ал эми Петер Мадьяр Будапештте өткөн тарапкерлердин митингинде жеңишин жарыялап, бул жыйынтыкты өлкө үчүн бурулуш учур деп атады. Ал шайлоочулардын жогорку катышуусун белгилеп, Венгриянын демократиялык тарыхында мындай деңгээл мурда болбогонун айтты.
Белгилей кетсек , добуш берүүгө катышуунун деңгээли 74,23 пайызга жетип, рекорддук көрсөткүч катары белгиленди. Добуштарды толук эсептөө 18-апрелге чейин аяктайт.