Биз социалдык тармакта

АКШ менен Иран жаңы сүйлөшүүлөрдү жакынкы күндөрү жүргүзүшү мүмкүн 

АКШ менен Ирандын ортосунда жаңы сүйлөшүүлөр жакынкы күндөрү өтүшү мүмкүн. Бул тууралуу америкалык The Wall Street Journal басылмасы жазган.

Маалыматка караганда, учурда Вашингтон менен Тегерандын ортосунда дипломатиялык жол дагы эле ачык бойдон калууда. Тараптар жакынкы күндөрү кайра жолугушуусу ыктымал.

Белгилей кетсек, Вашингтон Тегеран менен эки жумалык ок ​​атышпоо боюнча келишимге жетишкен соң Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү.
Тараптардын жолугушуусу 12-апрелде болгон. Америкалык делегациянын башчысы, вице-президент Джей Ди Вэнс Иран менен АКШ узакка созулган сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө жалпы макулдашууга жетише албаганын жарыялаган. Ал эми Ирандын ТИМ өкүлү Эсмаил Багайи бир катар маселелер боюнча өз ара түшүнүшүүгө жетишкенин, бирок эки же үч негизги пункт боюнча алардын позициялары алыс бойдон калганын айткан.



РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан