Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумуна эмне үчүн кол койбогонун айтты

Юстиция министри Алмамбет Шыкмаматов “Кумтөр” боюнча өкмөттүн жаңы меморандумуна эмне үчүн кол коюудан баш тартканын бүгүн, 24-январда “Ата Журт” фракциясынын жыйынында айтты. Министр кол коюуга макул болбогонун Жогорку Кеңештин токтому менен байланыштырды.

 

“Өкмөт “Кумтөр” боюнча үлүштү 67 пайызга жеткирүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомун аткарган жок. Ошондуктан мен документке кол койгон жокмун. Токтом аркылуу бекитилген депутаттардын чечими укуктук-нормативдик акт, ал сөзсүз аткарылууга тийиш. Токтомдо эгер өкмөт үлүштү 67 пайызга жеткире албаса, келишимден бир тараптуу чыгууну демилгелөө керектиги айтылган”,- деди Шыкмаматов.

 

Эскерте кетсек, Жогорку Кеңеш октябрь айында өкмөткө үлүштү 67 пайызга жеткирүү тапшырмасын берип “Центерра” менен сүйлөшүүгө жиберген. Бирок өкмөт аны аткара алган жок, үлүш 50х50 пайыздан бөлүнө турган биргелешкен ишкана түзүүнү сунуштап жатат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан