Биз социалдык тармакта

Таиланд туристтер үчүн жаңы талап киргизиши мүмкүн

Таиланд бийлиги өлкөгө келген чет элдик туристтер үчүн милдеттүү медициналык камсыздандыруу киргизүүнү карап жатат. Бул тууралуу чет элдик басылмаларда маалымдалууда.

Акыркы жылдары туристтердин катышуусундагы жол кырсыктары, айрыкча байк жана скутер менен болгон окуялар кескин көбөйгөн. Натыйжада, оор жаракат алган айрым эс алуучулар дарылануу чыгымдарын төлөй албай, маселе мамлекеттин моюнуна жүктөлүүдө.

Бул көрүнүш өзгөчө Пхукет, Самуи жана Чиангмай сыяктуу популярдуу туристтик аймактарда көп кездешет.

Расмий маалыматка ылайык, чет элдиктер төлөбөй кеткен медициналык эсептерден улам мамлекет жыл сайын болжол менен 100 миллион бат (2,5 миллион евро) жоготот. Бул сумма саламаттык сактоо тармагына олуттуу зыян келтирүүдө.

Өкмөт бул маселени чечүүнүн эң эффективдүү жолу катары туристтик жыйымды көбөйтүү эмес, дал ушул милдеттүү камсыздандырууну киргизүүнү көрүүдө. Азырынча акыркы чечим кабыл алына элек, бирок жаңы эрежелер жакын арада күчүнө кириши мүмкүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан