Испания Тегерандагы элчилигинин ишин жандантты. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүк X социалдык тармагына жазды.
"Элчи Антонио Санчес-Бенедито Гашпар өзүнүн дипломатиялык командасы жана жергиликтүү кызматкерлери менен тынчтыкты сактоого умтулуу аркылуу ишин улантууда",- деп айтылат анда.
Испания ТИМинин башчысы Хосе Мануэль Альбарес Тегерандагы элчиликти 9-апрелде ачуу ниетин билдирген. Мындай чечим АКШ лидери Дональд Трамптын элдешүү тууралуу билдирүүсүнөн кийин кабыл алынган.
Белгилей кетсек, испан дипломаттары АКШ менен Израил Иранга аскердик операция баштаганда эвакуация болгон.