Биз социалдык тармакта

Иранда ички аба каттамдары жанданат

Ирандын жолдор жана шаар өнүктүрүү министри Фарзане Садех айрым ички аба каттамдары жакын арада жанданарын билдирди. Бул тууралуу өлкөнүн IRIB мамлекеттик телерадио компаниясына шилтеме берип, чет элдик басылмалар жазышты.

Азырынча аба каттамдары качан жанданары жана кайсы аэропорттор биринчи ачылары тууралуу маалымат бериле элек.

Буга чейин Жакынкы Чыгыштагы аба кыймылын башкаруу чөйрөлөрүндөгү булак ТАСС агенттигине Ирандын аба мейкиндиги 14-апрелдин биринчи жарымына чейин жабык болорун билдирген.

Белгилей кетсек, 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Өткөн жумада тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишти.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан