Иран Бахрейн, Иордания, Катар, БАЭ жана Сауд Арабиясынан АКШ жана Израил менен болгон “жаңжалга шериктештиги” үчүн компенсация талап кылууда. Бул тууралуу Ирандын БУУдагы туруктуу өкүлү Амир Саид Иравани билдиргенин "Tasnim" агенттиги жазды.
Анын айтымында, тизмедеги өлкөлөр Вашингтон менен Тель-Авив тараптагы жаңжалга шериктеш болуу менен Ирандын алдындагы милдеттенмелерин бузушкан.
"Бахрейн, Иордания, Катар, Бириккен Араб Эмираттары жана Сауд Арабиясы Иранга мыйзамсыз аракеттерден келтирилген физикалык жана моралдык зыяндын ордун толук төлөп бериши керек",- деген дипломат.
Март айында Иравани БУУнун баш катчысы Антониу Гутеррешке кат жолдоп, Жакынкы Чыгыштын бир катар өлкөлөрүн өз аймактарын АКШнын Иранга каршы чабуулдары үчүн пайдаланууга уруксат берип жатат деп айыптаган.