Биз социалдык тармакта

Трамп Ормуз кысыгы аркылуу өткөн кемелер тууралуу айтты

АКШ президенти Дональд Трамп Truth Social социалдык тармагында билдиргендей, кечээ Ормуз кысыгы аркылуу 34 кеме өткөн.

Анын айтымында, бул Иранга каршы жаңжал башталгандан бери кысык аркылуу өткөн кемелердин эң жогорку көрсөткүчү болду.

"Интерфакс" ачык маалыматтарга таянып, жекшембиден бери Ормуз кысыгы аркылуу алты гана кеме өткөнүн билдирген. Ага ылайык, учурда андан дагы төртөө өтүп жатат.

Белгилей кетсек, 28-февралда АКШ менен Израил Иранга сокку ургандан кийин, Иран ага жооп кылып, стратегиялык маанилүү деңиз жолун жаап салган. Кийинчерээк Иран беш өлкөгө деңиз жолун ачканын жарыялаган.

БУУнун маалыматына ылайык, АКШ менен Израил Иранга кол салганга чейин кысыктан күн сайын 130га жакын кеме өтүп турган. Апрелдин башында кысык аркылуу өткөн кемелердин саны 15ке жеткени айтылган.

Ормуз кысыгы дүйнөлүк мунай жана газ ташууда маанилүү роль ойнойт.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан