Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров менен телефон аркылуу байланышты. Бул тууралуу Ирандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнө таянып чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Ирандын ТИМ башчысы орусиялык кесиптешине АКШ менен Исламабадда өткөн сүйлөшүүлөр тууралуу маалымат берген.
Сүйлөшүүдө аймактагы акыркы окуялар жана Пакистандын баш калаасында Иран менен АКШ делегацияларынын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү да талкууланды.
Белгилей кетсек, 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Өткөн жумада тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишти. Бул арада, 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.