Биз социалдык тармакта

Бельгия менен Испания Украинага коргонуу үчүн 2 миллиард евро бөлөт

Бельгия менен Испания Украинанын коргонуу тармагына жардам көрсөтүп 2 миллиард евро бөлөт. Бул тууралуу Украинанын коргоо министри Михаил Федоров социалдык тармактагы баракчасында билдирген.

Анын айтымында, ал Бельгиянын коргоо министри Тео Франкен жана Испаниянын коргоо министри Маргарита Роблес менен сүйлөшүүлөрдү өткөргөн. Жолугушууда кызматташтыктын негизги багыттары талкууланып, абадан коргонуу системин күчөтүү, дрон өндүрүшүн өнүктүрүү жана фронтту узак аралыктагы артиллерия менен камсыз кылуу маселелерин талкуулаган.

Ошондой эле Испания менен Бельгия 2026-жылы Украинанын коргонуу тармагына ар бири 1 миллиард евро бөлөт. Буга кошумча Бельгия F-16 учактарын берүүнү жана алар үчүн запастык бөлүктөрдү жеткирүүнү пландап жатат.

Тараптар коргонуу жаатындагы кызматташууну күчөтүүнү, анын ичинде Европанын SAFE механизминин алкагындагы иштерди талкуулашкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан