Иран менен АКШнын ортосундагы сүйлөшүүлөрдө жылыш бар экени байкалууда. Бул тууралуу Пакистандын коргоо министри Хаваджа Асиф билдирген.
Ал билдиргендей, дипломатиялык аракеттер оң натыйжаларды бергендиктен, тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы жакында өтөт.
"Позитивдүү жылыштар бар экени байкалууда",- деген ал.
The Express Tribune жазгандай, жүргүзүлүп жаткан дипломатиялык аракеттер, конструктивдүү багытта бара жатат.
Associated Press басылмасы Иран-АКШ жаңжалын жөнгө салуу боюнча сүйлөшүүлөрдүн кезектеги айлампасы 16-апрелде Пакистанда өтөрүн маалымдаган. Буга чейин 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.