Биз социалдык тармакта

АКШнын Иорданиядагы элчилиги ишин жандантты

АКШнын Иорданиядагы элчилиги аймактагы коопсуздук жакшырганына байланыштуу ишин кайра жандандырууда. Бул тууралуу дипломатиялык өкүлчүлүктүн сайтындагы билдирүүдө айтылат.

"АКШнын Аммандагы элчилиги АКШ жарандары үчүн консулдук кызматтарды калыбына келтирүүдө. Биз Жакынкы Чыгыштагы коопсуздук кырдаалына кылдат байкоо жүргүзүүнү улантып жатабыз",- деп айтылган билдирүүдө.

Эске салсак, 3-мартта АКШнын Иранга каршы аскердик операциясы башталгандан кийин элчилик өз ишин убактылуу токтоткон. Ага удаа мамлекеттик департамент кырдаалдан улам дипломатиялык миссиянын көпчүлүк кызматкерлерин Иорданиядан эвакуациялоо тууралуу жарлык чыгарган.

Ал эми Тегеран менен Вашингтон ортосунда эки жумалык өз ара ок атышпоо келишими 7-апрелде жарыяланган. 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан