Биз социалдык тармакта

Венесуэлада мурдагы коргоо министри айыл чарба тармагын жетектемей болду

Венесуэланын президентинин милдетин аткаруучу Делси Родригес мурдагы коргоо министри Владимир Падрино Лопести айыл чарба жана жер министри кылып дайындады. Бул тууралуу ал Х социалдык тармагында жазды.

VTV каналы кабарлагандай, ал айыл чарба өндүрүшүн көбөйтүү жана жаңы экономикалык стратегияны иштеп чыгуу боюнча милдеттенмелерди алышы керек.

Делси Родригес социалдык тармактарда Хулио Леон Хередияга Айыл чарба министрлигин жетектеген иши үчүн ыраазычылык билдирген. Ал башка кызмат аларын айтып, бирок аны тактаган эмес.

Белгиленгендей, Венесуэланын коргоо министри 19-мартта алмашты. Аталган кызматты генерал-майор Густаво Гонсалес Лопес жетектемей болду.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан