Төрөбай Зулпукаров Ноокат жана Араван районундагы эки айылдын эли таза сууга жетпей жатканын айтты

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров таза суунун жетишпей жатышынан Ош облусунун Араван жана Ноокат райондорунда жашоочулардын ден соолугу начарлоодо. Аталган райондордо 2,5 миңге жакын жашоочу таза сууга муктаж.

“Араван районунун Керкыдан айылынын, Ноокат районунун Каримберди айылынын тургундары арыктардан, көлчүктөрдөн суу ичишет экен. Аталган маселени чечүү үчүн өкмөттүн жана Дүйнөлүк жаштар ассамблеясы донорлук уюмунун өкүлдөрү менен сүйлөшүүлөр жүрдү. Анын жыйынтыгында бир айдын ичинде 9 чакырым суу түтүк системин куруу маселеси чечилип жатат”,- дейт Зулпукаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан