Сауд Арабиясы АКШдан Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салууну талап кылды. Бул тууралуу "The Wall Street Journal" араб аткаминерлерине таянуу менен жазып чыкты.
Басылманын маалыматына караганда, Эр-Рияд кысыкты тосуу Тегеран менен жаңжалды күчөтүшү жана башка маанилүү деңиз жолдорунун ишин үзгүлтүккө учуратышы мүмкүн деп кооптонууда.
"Сауд Арабиясы АКШга Ормуз кысыгындагы блокаданы алып салуу жана сүйлөшүү үстөлүнө кайтуу үчүн басым көрсөтүүдө",- деп айтылат макалада.
Сауд Арабиясы Иран мунай экспорту үчүн Кызыл деңиздеги Баб эл-Мандеб кысыгын жабуу менен жооп кайтарышы мүмкүн экенин эскертти.
Буга чейин 13-апрелде АКШ Иран портторуна кирген же чыгып жаткан бардык кемелерге каршы деңиз блокадасын жарыялаганы кабарланган.
Маалымат үчүн: 28-февралдан бери АКШ, Израил жана Ирандын ортосунда согуштук аракеттер уланып жатат. Өткөн жумада тараптар ок атышууну 2 аптага токтото турууну макулдашууга жетишти. Бул арада, 12-апрелде Иран менен АКШ Исламабадда сүйлөшүү жүргүздү, азырынча тараптар бирдиктүү макулдашууга жетише элек.