Жогорку Кеңештин депутаты Жылдыз Жолдошованын мурдагы айдоочусу Бакыт Турдакуновдун күнөөлүү же күнөөсүз экенин сот чечет. Муну ЖКнын маалымат кызматы билдирди. Турдакуновдун койгон дооматтары боюнча Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгына караштуу Автотранспорттук ишкананын директору Анарбек Камбаров буларды билдирет:
“Бакыт Турдакунов автокырсыкка күнөөлүү катары 2013-жылдын 22-ноябрында Эмгек кодексинин 83-беренесине ылайык жумуштан бошотулган. Ал мыйзамсыз бошотулганы тууралуу доо арыз менен Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотуна кайрылды. Айдоочуга карата көрүлгөн чаранын канчалык мыйзамдуу же мыйзамсыз экенин эми сот чечет”.
Ал эми Жогорку Кеңештин Иш башкармалыгынын Каржылоо жана эсеп-кысап бөлүмүнүн башчысы, материалдык жардам берүү боюнча комиссиянын мүчөсү Табылды Рысалиев 2013-жылдын 24-сентябрында Б.Турдакунов жашоо шартынын оордугуна байланыштуу 53 миң сом өлчөмүндө материалдык жардам берүү өтүнүчү менен Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылганын, жардам комиссиясынын чечими менен 2013-жылдын 27-сентябрында акча Б.Турдакуновдун өз колуна берилиптир.
Мындан сырткары Б.Турдакунов өз колу менен 2013-жылдын август айында иш сапар чыгымдары үчүн 7 миң сом алганы айтылды.
Эскерте кетсек, 22-январда депутаттын мурдагы айдоочусу Бакыт Турдакунов мыйзамсыз иштен айдалганын, өзүнө тийиштүү 7 миң сом акчаны Жолдошова алып койгонун айтып чыккан.