Биз социалдык тармакта

Ливандын түштүгүндө Израилдин аба соккулары: 33 калктуу пункт жабыркады

Израилдин согуштук авиациясы шейшемби күнү Ливандын түштүгүндөгү 33 калктуу пунктка сокку урду. Бул тууралуу Ливандын аскердик булактарына шилтеме берүү менен чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, аба чабуулдарына Ливандын түштүгүндөгү ири шаарлардын бири — Тир да кабылган. Кол салуулардын кесепети тууралуу так маалыматтар азырынча тактала элек.

Ал эми «Хезболла» кыймылы өз кезегинде Израилге каршы 12 аскердик операция жүргүзгөнүн билдирип, түндүк аймактардагы аскерлер топтолгон жайларга сокку урганын маалымдады.

Аймактагы абал курч бойдон калууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан